# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 495 "Өндүрүп алынган баалуу металлдарды жана асыл таштарды, берметти, алардан жасалган буюмдарды, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктарын өткөрүп берүү, сактоо, экспертизалоо, баалоо жана сатуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 495 "Өндүрүп алынган баалуу металлдарды жана асыл таштарды, берметти, алардан жасалган буюмдарды, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктарын өткөрүп берүү, сактоо, экспертизалоо, баалоо жана сатуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 495
- Кабыл алынган күнү: 22.10.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.10.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12671>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2474/edition/940522/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12671.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.10.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 495 "Өндүрүп алынган баалуу металлдарды жана асыл таштарды, берметти, алардан жасалган буюмдарды, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктарын өткөрүп берүү, сактоо, экспертизалоо, баалоо жана сатуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (22.10.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12671

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 22-октябры № 495 Өндүрүп алынган баалуу металлдарды жана асыл таштарды, берметти, алардан жасалган буюмдарды, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктарын өткөрүп берүү, сактоо, экспертизалоо, баалоо жана сатуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

"Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өндүрүп алынган баалуу металлдарды жана асыл таштарды, берметти, алардан жасалган буюмдарды, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктарын өткөрүп берүү, сактоо, экспертизалоо, баалоо жана сатуу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

М. Абылгазиев
