Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 „Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 22-октябры № 498 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жободо:
- 6-пунктунда:
"г" пунктчасынын он үчүнчү абзацы "сот органдарында" деген сөздөрдөн кийин ", анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын жыйналыштарында," деген сөздөр менен толукталсын; "д" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы онунчу-он биринчи абзацтар менен толукталсын: "- өзүнүн компетенциясынын алкагында адам укуктары боюнча эл аралык органдардын сунуштамаларын аткаруу жана адам укуктары боюнча эл аралык органдарга мезгилдүү баяндамаларды даярдоо боюнча иш чараларды жүзөгө ашырууга көмөктөшөт;
- өзүнүн компетенциясынын алкагында адам укуктары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин жоболорун аткаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын улуттук мезгилдүү баяндамаларын сунуштоого катышат.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2021 · № 78
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө" Жобосу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764…Положение · 15.12.2009 · № 764 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2021 · № 78
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери" токтомуПостановление · 15.12.2009 · № 764 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.