# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-октябрындагы № 477 "Балдарды үйүндө жеке окутууну уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-октябрындагы № 477 "Балдарды үйүндө жеке окутууну уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 477
- Кабыл алынган күнү: 15.10.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12641>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2448/edition/906520/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12641.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-октябрындагы № 477 "Балдарды үйүндө жеке окутууну уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (19.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12641

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-мартындагы № 137 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 15-октябры № 477 Балдарды үйүндө жеке окутууну уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Акыл эсинин жана дене боюнун өнүгүшүндө бузуулары бар балдарды билим берүү менен камтууну көбөйтүү, алар үчүн тиешелүү шарттарды түзүү максатында, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Балдарды үйүндө жеке окутууну уюштуруу жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрүшсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
