# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-октябрындагы № 464 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-октябрындагы № 464 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 464
- Кабыл алынган күнү: 08.10.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.09.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12627>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2438/edition/975384/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12627.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.09.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-октябрындагы № 464 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (30.09.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12627

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 8-октябры № 464 Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомунун редакциясына ылайык) Мамлекеттик кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарынын педагогикалык жана башка кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-майындагы № 300 "Башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын типтүү штаттарында:

- 1-главада:

"Төмөнкүдөй контингенттеги окуучулары бар кесиптик лицейлер" графасында "250" деген цифралар "150" деген цифралар менен алмаштырылсын; "

7

Системалык администратор (маалыматтык башкаруу системасы боюнча адис)

\-

1

\-

"; эскертүүнүн 1 жана 3-пункттарындагы "250" деген цифралар "150" деген цифраларга алмаштырылсын.

3. Ушул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Кесиптик башталгыч билим берүү агенттигине республикалык бюджеттен тийиштүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөөрү белгиленсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

М. Абылгазиев
