# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 381 "Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 381 "Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 381
- Кабыл алынган күнү: 22.08.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.05.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12616>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2428/edition/904785/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12616.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 381 "Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому (13.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12616

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-майындагы № 251 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 22-августу № 381 Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелерин бекитүү жөнүндө

"Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелери (мындан ары - Эрежелер) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Өрт коопсуздугун көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана авариялык куткаруучу иштерди жүргүзүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген юридикалык жана жеке жактар тарабынан Эрежелердин талаптарын сактоону камсыз кылышсын.

3. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча), жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, башка мамлекеттик органдардын (макулдашуу боюнча) жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ведомствого караштуу коргоо объекттеринде жана аймактарында Эрежелердин талаптарын сактоо боюнча зарыл болгон чараларды көрүшсүн.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 8-февралындагы № 33 "Кыргыз Республикасынын ишканалары, уюмдары, мекемелери жана турак жай фондулары үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин бекитүү жана аны колдонууга киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 13-сентябрындагы № 560 "Кыргыз Республикасынын ишканалары, уюмдары, мекемелери жана турак-жай фонду үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин бекитүү жана колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 8-февралындагы № 33 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-октябрындагы № 745 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 4-сентябрындагы N 74 жарыяланды

Премьер-министри

М. Абылгазиев
