# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-октябрындагы № 456 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-июлундагы № 476 “Чакан гидроэлектростанцияларды куруу, кабыл алуу жана электр тармактарына технологиялык кошуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-октябрындагы № 456 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-июлундагы № 476 “Чакан гидроэлектростанцияларды куруу, кабыл алуу жана электр тармактарына технологиялык кошуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 456
- Кабыл алынган күнү: 04.10.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.04.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12614>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2426/edition/1002475/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12614.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.04.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-октябрындагы № 456 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-июлундагы № 476 “Чакан гидроэлектростанцияларды куруу, кабыл алуу жана электр тармактарына технологиялык кошуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (09.04.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12614

---

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-апрелиндеги № 196 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 4-октябры № 456 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-июлундагы № 476 “Чакан гидроэлектростанцияларды куруу, кабыл алуу жана электр тармактарына технологиялык кошуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жеке ишкердикти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-июлундагы № 476 “Чакан гидроэлектростанцияларды куруу, кабыл алуу жана электр тармактарына технологиялык кошуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Чакан гидроэлектростанцияларды куруу, кабыл алуу жана электр тармактарына технологиялык кошуу тартиби жөнүндө жободо:

- 3-бөлүмүнүн 12-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттикке” деген сөздөр “экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
