# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-октябрындагы № 457 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-октябрындагы № 457 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 457
- Кабыл алынган күнү: 04.10.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.04.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12608>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2420/edition/945169/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12608.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-октябрындагы № 457 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө" токтому (22.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12608

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-апрелиндеги № 189 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 4-октябры № 457 Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө

Укук колдонуу практикасында Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин натыйжалуулугун камсыздоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 22-майындагы № 124 “Жүргүзүлүп жаткан соттук реформанын алкагында кабыл алынуучу айрым чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары тарабынан төмөнкүлөргө өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштыруучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун демилгелөө 2020-жылдын 1-январына чейин токтотулсун:

- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине;

- Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине;

- Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине;

- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине;

- Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине.

2. Өкмөттүн ушул токтомунун 1-пунктунун аракети жогоруда аталган кодекстерге төмөнкүлөр боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштыруучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна жайылтылбайт:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимдерин аткаруу;

- Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын концептуалдык негиздерин сактоо шартында “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруу;

- келтирилген зыянды аныктоого жана ордун толтурууга байланышкан эскирүү мөөнөтүн өзгөртүү;

- укук колдонуу практикасынын жүрүшүндө пайда болушу мүмкүн болгон тоскоолдуктарды жоюу (карама-каршылыктарды жана боштуктарды жоюу).

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
