# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-сентябрындагы № 439 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-сентябрындагы № 439 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 439
- Кабыл алынган күнү: 21.09.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.09.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12604>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2416/edition/907360/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12604.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.09.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-сентябрындагы № 439 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (21.09.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12604

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 21-сентябры № 439 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө нускамада:

- 7-пунктунун 2-пунктчасында:

биринчи абзацындагы "15 кишиге чейинки" деген сөздөр "5 кишиден кем эмес, бирок 15тен көп эмес" деген сөздөр менен алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Туристтик топтун мүчөлөрү топтук виза боюнча толук эмес курамда келген же кеткен учурда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасына кирүүдө жана Кыргыз Республикасынан чыгууда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүнү ишке ашырат.";

- 45-пункту "иш-чараларга катышкан учурда" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда жардам көрсөтүүдө" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

М. Абылгазиев
