# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-октябрындагы № 506 "Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-октябрындагы № 506 "Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 506
- Кабыл алынган күнү: 07.10.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12595>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-237/edition/1013342/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12595.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-октябрындагы № 506 "Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу" токтому (28.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12595

---

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 40 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 7-октябры № 506 "Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесинин 1-бөлүгүн, 16-беренесинин 2-бөлүгүн, 52-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүн, 29-беренесинин 5-бөлүгүн, ошондой эле "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизги жоболорун жетекчиликке алып, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө" Жобо бекитилсин.

2. Ушул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Б.С.Кадыровго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
