# КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 486 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 158 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө" Нускамага өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 486 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 158 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө" Нускамага өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 486
- Кабыл алынган күнү: 28.09.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.10.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12583>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-225/edition/1080303/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12583.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 486 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 158 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө" Нускамага өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (29.10.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12583

---

КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 29-октябрындагы № 279 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 28-сентябры № 486 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 158 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө" Нускамага өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41, 53-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 158 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө" Нускамага төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Нускаманын 37-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Шайлоо күрөөсү "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында белгиленген талаптарды сактабагандыгына байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер болуп каттоодон баш тартылган талапкерлерге кайра кайтарылат";

- Нускаманын 37-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "Эгерде Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкердин каттоосун жокко чыгарса, талапкер "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында белгиленген талаптарды бузса, ошондой эле шайлоого андан ары катышуудан баш тартуу жөнүндө талапкердин жазуу жүзүндөгү жеке арызы боюнча талапкерлерге шайлоо күрөөсү кайра кайтарылбайт".

2. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси Г.Баатыровага жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
