# КР шайлоо жана референдум өткрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 26-сентябрындагы № 475 "Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум өткрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 26-сентябрындагы № 475 "Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 475
- Кабыл алынган күнү: 26.09.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.09.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12572>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-215/edition/846632/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12572.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.09.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум өткрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 26-сентябрындагы № 475 "Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (26.09.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12572

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 26-сентябры № 475 Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 18-июлундагы "Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө" № 249 токтому менен 2017-жылдын 20-июлуна дайындалган Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо кийинкиге калтырылган. Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова айылдык кеңешинин депутаты Н.Алимовдун Россия Федерациясынын жарандыгы бар экендиги боюнча маалыматты тактоого көмөк көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын суроо-талабына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен жооп келип түшкөндүгүнө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысын мурда көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча кайра шайлоо 2017-жылдын 10-октябрына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Араван аймактык шайлоо комиссиясы кайра шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Жумагуловго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
