# КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 453 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодогу коомдук байкоочулардын статусу, ыйгарым укуктары жана иш тартиби жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 453 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодогу коомдук байкоочулардын статусу, ыйгарым укуктары жана иш тартиби жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 453
- Кабыл алынган күнү: 15.09.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.09.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12551>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-194/edition/846010/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12551.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.09.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 453 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодогу коомдук байкоочулардын статусу, ыйгарым укуктары жана иш тартиби жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (15.09.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12551

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 15-сентябры № 453 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодогу коомдук байкоочулардын статусу, ыйгарым укуктары жана иш тартиби жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-1-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүнө, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодогу коомдук байкоочулардын статусу, ыйгарым укуктары жана иш тартиби жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- аталышында "иш" деген сөз " аларды аккредитациялоо" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 1-пунктта "иш" деген сөз "аларды аккредитациялоо" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодогу коомдук байкоочулардын статусу, ыйгарым укуктары жана иш тартиби жөнүндө" Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- аталышында "иш" деген сөз "аларды аккредитациялоо" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 1.1-пунктта "иш" деген сөз "аларды аккредитациялоо" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 2.3-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Коомдук байкоочулар ушул Жобонун 2.2-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди берген учурдан тартып 3 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими менен аккредитацияланат. Коммерциялык эмес уюм мурда аккредитацияланган байкоочуну башкасы менен алмаштырган учурда, жаңы байкоочуну аккредитациялоо ушул Жобонун 2.2-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди берген учурдан тартып тез арада жүргүзүлөт".

3. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Ушул токтомдун көчүрмөсү аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Аппаратынын жетекчиси Б.Жумагуловго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
