# КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 23-октябрындагы № 522 "2017-жылдын 11-октябрында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 23-октябрындагы № 522 "2017-жылдын 11-октябрында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 522
- Кабыл алынган күнү: 23.10.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.10.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12536>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-179/edition/845606/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12536.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.10.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 23-октябрындагы № 522 "2017-жылдын 11-октябрында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому (23.10.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12536

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 23-октябры № 522 2017-жылдын 11-октябрында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 24-сентябрындагы № 465 токтому менен 2017-жылдын 11-октябрына дайындалган Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.1. Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.2. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Ашырбаев Болотбек Сапарбекович табылсын.

2. Чаткал аймактык шайлоо комиссиясы шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Жумагуловго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
