Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары Муратбекова Замира Абдыкеримовнаны каттоодон баш тартуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 26-августу № 381 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары Муратбекова Замира Абдыкеримовнаны каттоодон баш тартуу жөнүндө 2017-жылдын 28-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - БШК) өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүнүн талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын жараны Муратбекова Замира Абдыкеримовнадан арыз келип түштү. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары - конституциялык Мыйзам) 52-беренесинин 1, 7-бөлүктөрүнө ылайык, Президенттин кызматына талапкер 30 миңден кем эмес шайлоочунун колу менен колдоого алынышы керек. Президенттикке талапкерди колдоп кол чогултуу боюнча кол коюу барактары ыйгарым укуктуу өкүлдөр тарабынан, шайлоо күнүнө 50 күн калгандан кечиктирилбестен Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилет. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 14-июлундагы № 1681-VI токтому менен Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган. Талапкер, анын талапкерлигин колдогон шайлоочулардын колтамгалары коюлган кол коюу барактарды шайлоо күнүнө 50 күн калгандан кечиктирбестен, тактап айтканда, 2017-жылдын 26-августуна чейин өткөрүп берүүгө тийиш эле. 2017-жылдын 26-августундагы абал боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер З.Муратбекова Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна анын талапкерлигин колдогон шайлоочулардын колтамгалары коюлган кол коюу барактарды өткөрүп берген жок. Конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык, конституциялык Мыйзамга ылайык талапкерди каттоо үчүн зарыл болгон документтерди бербөө, талапкерди каттоодон баш тартуу үчүн негиз болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер З.Муратбекова Кыргыз Республикасынын Конституциясы, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы менен белгиленген талаптарды сактабагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 49, 52, 53-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун 2017-жылдын 26-августундагы чечимин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы менен белгиленген талаптар сакталбагандыгына байланыштуу, Муратбекова Замира Абдыкеримовнаны Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары каттоодон баш тартылсын.
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон