# КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 15-августундагы № 352 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Садыр Нургожоевич Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 15-августундагы № 352 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Садыр Нургожоевич Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 352
- Кабыл алынган күнү: 15.08.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.08.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12481>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-124/edition/843843/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12481.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 15-августундагы № 352 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Садыр Нургожоевич Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө" токтому (15.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12481

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 15-августу № 352 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Садыр Нургожоевич Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 10-августундагы "Жапаров Садыр Нургожоевичке Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары каттоодон баш тартуу жөнүндө" № 342 токтомуна ылайык, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Н.Жапаровдун шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мамбеткулов Муратбек Камилжановичтин ыйгарым укуктары токтотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Н.Жапаровдун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жапаров Давлетбек Нуркожоевичтин ыйгарым укуктары токтотулсун.

3. М.Мамбеткуловго жана Д.Жапаровго берилген № 358, № 359 каттоо ырастамалары ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып жараксыз деп табылсын.

4. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
