# 1-статья

- Документ: [О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности](https://aqlex.ai/kg/doc/1248)
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 28.06.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1248/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1194/edition/797187/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1248/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, 1-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1248/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. Кодекс төмөндөгүдөй мазмундагы 92-1-статья менен толукталсын:

"92-1-статья. Жашы жетпегендерге спирт ичимдиктерин сатуу Жашы жетпегендерге спирт ичимдиктерин сатуу, - эң аз айлык акынын беш өлчөмүнө чейинки администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде экинчи жолу кайталанганда, - эң аз айлык акынын бештен онго чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

2. 214-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"214-статья. Иш жүргүзүүнүн тартибин, курулуш жана архитектура боюнча ченемдик укуктук актылардын талаптарын, лицензияны бузуу менен автомобиль жолдорун, көчөлөрдү, жол курулмаларын куруу, ремонттоо жана реконструкциялоо боюнча ишти жүзөгө ашыруу Жолдорду, көчөлөрдү жана жол курулмаларын лицензиясыз (уруксаты жок) куруу, ремонттоо жана реконструкциялоо боюнча жумуштарды жүзөгө ашыруу, - жумушту андан ары улантууну токтотуу менен аткарылган иштин ондон жыйырмага чейинки пайызынын көлөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Жолдорду, көчөлөрдү жана жол курулмаларын куруу, ремонттоо, реконструкциялоо боюнча лицензиянын шарттарын бузуу, - кызмат адамдарына эң аз айлык акынын ондон он бешке чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Жолдорду, көчөлөрдү жана жол курулмаларын куруу, ремонттоо жана реконструкциялоо боюнча ишти тиешелүү долбоорсуз, курулуш жана архитектура боюнча ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу менен жүргүзүү, ошондой эле машина жүрө турган бөлүгүндө ордерсиз өз бетинче иш жасоо, ошого тете болгон курулуш иштерин жүргүзүүнүн эрежелерин сактабоо, - жарандарга ишти токтотуу менен эң аз айлык акынын бештен онго чейинки өлчөмүндө, кызмат адамдарына - ишти токтотуу менен эң аз айлык акынын ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

3. 216-статьянын аталышы жана биринчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"216-статья. Жолдорду, көчөлөрдү, темир жолдон өтүүчү жерлерди жана башка жол курулмаларын бузуу Жолдорду, көчөлөрдү, темир жолдон өтүүчү жерлерди жана башка жол курулмаларын бузуу, - кийин аларды күнөөлүү адамдардын эсебинен баштагы калыбына келтирүү менен жарандарга эң аз айлык акынын экиден бешке чейинки өлчөмүндө, кызмат адамдарына - бештен онго чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

4. 217, 218, 219-статьялар төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"217-статья. Автомобиль жолуна бөлүнгөн тилкени коргоо эрежелерин бузуу Участкаларды айдоо, чөбүн чабуу, тигилген бак-дарактарды кыюу жана залал келтирүү, чым казып алуу жана топурак алуу, чоң жолго кошулуучу жол тармактары өткөн жерге, канализациялык, өнөр жайлык, мелиоративдик жана саркынды сууларды буруп туруучу суу курулмаларга жана автомобиль жолдорун буруу тилкесиндеги резервдерге өз алдынча курулуш куруу жана ажыратуучу тилкени бузуу, жолдордо жана көчөлөрдө тоскоолдуктарды түзүү, тиешелүү органдын макулдугусуз жол боюндагы тилкеге соода түйүндөрүн, тамактануучу жана кызмат көрсөтүү жайларын куруу жана уюштуруу, - жарандарга эң аз айлык акынын бирден экиге чейинки өлчөмүндө, кызмат адамдарына - экиден бешке чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

---

Кийинки берене: [218-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1248/st-218)
