# КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 12-августундагы № 349 "2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 12-августундагы № 349 "2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 349
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12478>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-121/edition/843831/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12478.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 12-августундагы № 349 "2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө" токтому (12.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12478

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 12-августу № 349 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, "Катуу көзөмөлдөгү отчеттуулук документтерин даярдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 22-сентябрындагы № 540 токтомун жетекчиликке алып, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо бюллетендерин даярдоо, өткөрүп берүү жана сактоо тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 20-октябрындагы № 163 токтомун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендеринин формасы жана коргоо даражасы бекитилсин (тиркелет).

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн шайлоо бюллетендерин, Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 24 дареги боюнча жайгашкан "Учкун" ААКсында даярдоо ишке ашырылсын.

3. Шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгы жана маалымат-коммуникация технологиялар башкармалыгы шайлоо бюллетендерин даярдоо процессинде, ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн шайлоо бюллетендеринин формасы жана коргоо даражасынын талаптарын камсыздоо максатында алдын-ала тестирлөөнү ишке ашырсын.

4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын (тиркемесиз).

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Жумагуловго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
