# КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 9-августундагы № 337 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке арызын берген Ремнев Роман Павловичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 9-августундагы № 337 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке арызын берген Ремнев Роман Павловичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 337
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12466>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-109/edition/843692/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12466.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 9-августундагы № 337 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке арызын берген Ремнев Роман Павловичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө" токтому (09.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12466

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-августу № 337 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке арызын берген Ремнев Роман Павловичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-августундагы "Р.П.Ремневду каттоодон баш тартуу жөнүндө" № 329 токтомунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19, 50-беренелерин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна Ремнев Роман Павловичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталган Эшимбекова Жамал Асановнанын жана каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталган Фалько Владимир Викторовичтин ыйгарым укуктары токтотулсун.

2. Ушул токтом күчүнө кирген учурдан тартып № 466 жана № 467 каттоо күбөлүктөрү жараксыз деп табылсын.

3. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
