Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке арызын берген Ремнев Роман Павловичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-августу № 337 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке арызын берген Ремнев Роман Павловичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-августундагы "Р.П.Ремневду каттоодон баш тартуу жөнүндө" № 329 токтомунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19, 50-беренелерин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна Ремнев Роман Павловичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталган Эшимбекова Жамал Асановнанын жана каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталган Фалько Владимир Викторовичтин ыйгарым укуктары токтотулсун.
2. Ушул токтом күчүнө кирген учурдан тартып № 466 жана № 467 каттоо күбөлүктөрү жараксыз деп табылсын.
3. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борборду комисиясынын 2017-жылдын 7-августундагы № 329 "Р.П.Ремневду каттоодон баш тартуу жөнүндө" токтомуПостановление · 07.08.2017 · № 329
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.