Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын «Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 2-августундагы „Бишкек шаарынын аймагында кошумча шайлоо участокторун түзүү жөнүндө“ № 11/1 чечимин бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 7-августу № 331 Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 2-августундагы "Бишкек шаарынын аймагында кошумча шайлоо участокторун түзүү жөнүндө" № 11/1 чечимин бекитүү тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 2-августундагы "Бишкек шаарынын аймагында кошумча шайлоо участкаларды түзүү жөнүндө" № 11/1 чечиминин негизинде, туруктуу жашаган жери боюнча каттоосу жок жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 13, 15-беренелерине ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 7 жана 20-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 27-июнундагы № 177 токтому менен бекитилген "Шайлоо участокторунун чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө" нускамага ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 2-августундагы "Бишкек шаарынын аймагында кошумча шайлоо участокторун түзүү жөнүндө" № 11/1 чечими бекитилсин.
2. 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча Бишкек шаарынын аймагында кошумча түзүлгөн участкаларынын даректери тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы кошумча шайлоо участокторунун курамдарын 2017-жылдын 15-августуна чейин түзсүн.
4. Бишкек шаарынын мэриясы 2017-жылдын 15-августуна чейин кошумча шайлоо участкаларын жайгаштыруу үчүн жайларды бөлүп берүүгө, аларды үзгүлтүксүз электро энергия, байланыш каражаттар, материалдык-техникалык каражаттар менен камсыз кылууга көмөк көрсөтсүн.
5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчисине Б.С.Жумагуловго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-августундагы № 331 токтомуна тиркеме
№
Кошумча УШКнын номери
Жайгашкан жери
УШК жайгашкан имараттын аталышы
Эскертме
Ленин району
1
№ 1068
Гагарин көчөсү
ФАПтын имараты "Ак-Ордо" калктуу конушу
-
Биринчи май району
1
№ 1265
"Тынчтык" калктуу конушу
ФАПтын имараты "Тынчтык" калктуу конушу
2
№ 1266
"Мурас-Ордо" калктуу конушу
ФАПтын имараты "Мурас-Ордо" калктуу конушу
3
№ 1267
"Калыс-Ордо" калктуу конушу
ФАПтын имараты "Калыс-Ордо" калктуу конушу
-
4
№ 1268
"Жениш" калктуу конушу
ФАПтын имараты "Жениш" калктуу конушу
-
Свердлов району
1
№ 1367
"Келечек" калктуу конушу
№ 87 орто мектебинин имараты
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 27-июнундагы № 177 "Шайлоо участкаларынын чек араларын башкаруу жөнүндө"…Постановление · 27.06.2017 · № 177