# КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 14-ноябрындагы № 209 "Кыргыз Республикасынын референдумунда (бүткүл добуш берүүдө) добуш берүү үчүн бюллетендерди даярдоо, өткөрүп берүү жана сактоо тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 14-ноябрындагы № 209 "Кыргыз Республикасынын референдумунда (бүткүл добуш берүүдө) добуш берүү үчүн бюллетендерди даярдоо, өткөрүп берүү жана сактоо тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 209
- Кабыл алынган күнү: 14.11.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.11.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12437>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-91/edition/1002715/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12437.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 14-ноябрындагы № 209 "Кыргыз Республикасынын референдумунда (бүткүл добуш берүүдө) добуш берүү үчүн бюллетендерди даярдоо, өткөрүп берүү жана сактоо тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому (14.11.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12437

---

КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 22-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2016-жылдын 14-ноябры № 209 "Кыргыз Республикасынын референдумунда (бүткүл добуш берүүдө) добуш берүү үчүн бюллетендерди даярдоо, өткөрүп берүү жана сактоо тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын референдумунда (бүткүл добуш берүүдө) добуш берүү үчүн бюллетендерди даярдоо, өткөрүп берүү жана сактоо тартибин жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 31, 35-беренелерине ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 15, 16, 17-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын референдумунда (бүткүл добуш берүүдө) добуш берүү үчүн бюллетендерди даярдоо, өткөрүп берүү жана сактоо тартиби жөнүндө" жобо бекитилсин.

2. 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган референдумунда (бүткүл добуш берүүдө) добуш берүү үчүн бюллетендерди Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 24 дареги боюнча жайгашкан "Учкун" ААКсында даярдоо ишке ашырылсын.

3. Добуш берүү үчүн бюллетендерди аймактык шайлоо комиссияларга жеткирүү жана өткөрүп берүү үчүн жооптуулар болуп Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 33 чечими менен региондор боюнча бекитилген кураторлукка ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү белгиленсин.

4. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
