Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын референдумунда (бүткүл добуш берүүдө) добуш берүү үчүн бюллетендерди даярдоо, өткөрүп берүү жана сактоо тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 22 января 2020 года №13 "О Положении "О порядке изготовления, передачи и хранения избирательных бюллетеней и бюллетеней для голосования при проведении выборов и на референдуме Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-11-14.
КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 22-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2016-жылдын 14-ноябры № 209 "Кыргыз Республикасынын референдумунда (бүткүл добуш берүүдө) добуш берүү үчүн бюллетендерди даярдоо, өткөрүп берүү жана сактоо тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын референдумунда (бүткүл добуш берүүдө) добуш берүү үчүн бюллетендерди даярдоо, өткөрүп берүү жана сактоо тартибин жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 31, 35-беренелерине ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 15, 16, 17-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын референдумунда (бүткүл добуш берүүдө) добуш берүү үчүн бюллетендерди даярдоо, өткөрүп берүү жана сактоо тартиби жөнүндө" жобо бекитилсин.
2. 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган референдумунда (бүткүл добуш берүүдө) добуш берүү үчүн бюллетендерди Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 24 дареги боюнча жайгашкан "Учкун" ААКсында даярдоо ишке ашырылсын.
3. Добуш берүү үчүн бюллетендерди аймактык шайлоо комиссияларга жеткирүү жана өткөрүп берүү үчүн жооптуулар болуп Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 33 чечими менен региондор боюнча бекитилген кураторлукка ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү белгиленсин.
4. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (6)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 22-январындагы №13 "Кыргыз Республикасынын шайлоолорунда жана референдумдарында шайлоо бюллетендерин…Постановление · 22.01.2020 · № 13
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Постановление Правительства КР от 22 сентября 1997 года №540 "Об изготовлении документов строгой отчетности"Постановление · 22.09.1997 · № 540
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 18-январындагы № 11 "Кыргыз Республикасынын Референдумдарын, Президентти, Жогорку Кеңештин…Постановление · 18.01.2012 · № 11
- Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндөЗакон · 31.10.2016 · № 173 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон