# КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 20-июнундагы № 174 "Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 20-июнундагы № 174 "Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 174
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12424>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-78/edition/1025404/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12424.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 20-июнундагы № 174 "Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (20.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12424

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 20-июну № 174 Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Э.А.Жамангараевдин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө жеке арызынын, аймактык шайлоо комиссиясынын курамына резервде турган М.М.Конурбаевди, Р.И.Дунганаеваны киргизилгендигине байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 22-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө" жана 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Жамангараев Эсен Асанович чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына "Республика" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Конурбаев Максат Молдобекович, "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Дунганаева Раиса Ибрагимовна киргизилсин.

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго.

Төрага

Н. Шайлдабекова
