# КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 16-июнундагы № 163 "Чүй облусунун Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 16-июнундагы № 163 "Чүй облусунун Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 163
- Кабыл алынган күнү: 16.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12414>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-68/edition/1008270/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12414.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 16-июнундагы № 163 "Чүй облусунун Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (16.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12414

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 16-июну № 163 Чүй облусунун Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан Р.Кабенованы, Алмасбек уулу Т. чыгаруу жөнүндө Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын чечиминин негизинде, ошондой эле А.Джамангуловду, Э.Табалдиевди резервден комиссиянын курамына киргизилгендигине байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 22-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө" жобосун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кабенова Роза Молдоакматовна, "Замандаш" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Алмасбек уулу Тоштук комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- "Республика - Ата-Журт" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Джамангулов Алмамбет Абдыбекович, "Республика" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Табалдиев Энербек Мурсабекович - резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
