Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын «Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүдө шайлоочулардын арасында акысыз жайылтууга тыюу салынбаган үгүт материалдардын жана товарлардын тизмегин бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-07-28.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28- июлундагы № 37 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 14-июну № 155 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүдө шайлоочулардын арасында акысыз жайылтууга тыюу салынбаган үгүт материалдардын жана товарлардын тизмегин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүдө шайлоочулардын арасында акысыз жайылтууга тыюу салынбаган үгүт материалдардын жана товарлардын тизмеги бекитилсин.
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин сактоону контролдоо боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 155 токтому менен бекитилген
Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүдө шайлоочулардын арасында акысыз жайылтууга тыюу салынбаган үгүт материалдардын жана товарлардын ТИЗМЕГИ
1. Басылма үгүт материалдар (газеталар, баракчалар, плакаттар, буклеттер, календарлар).
2. Талапкердин сүрөтү же саясий партиянын символикасынын сүрөтү бар төш белгилер.
3. Талапкердин сүрөтү, ФААсы же саясий партиянын символикасынын сүрөтү бар футболкалар.
4. Талапкердин сүрөтү же саясий партиянын символикасынын сүрөтү бар баш кийимдер.
5. Талапкердин сүрөтү же саясий партиянын символикасынын сүрөтү бар моюн ороочтор.
6. Талапкердин сүрөтү же саясий партиянын символикасынын сүрөтү бар желекчелер.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62