# КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 8-ноябрындагы № 196 "Демократ" саясий партиясынын Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын иш-аракеттерине жана чечимине карата даттануусу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 8-ноябрындагы № 196 "Демократ" саясий партиясынын Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын иш-аракеттерине жана чечимине карата даттануусу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 196
- Кабыл алынган күнү: 08.11.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.11.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12360>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-14/edition/997936/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12360.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.11.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 8-ноябрындагы № 196 "Демократ" саясий партиясынын Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын иш-аракеттерине жана чечимине карата даттануусу жөнүндө" токтому (08.11.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12360

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2016-жылдын 8-ноябры № 196 "Демократ" саясий партиясынын Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын иш-аракеттерине жана чечимине карата даттануусу жөнүндө Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун "Демократ" саясий партиясынын Бишкек аймактык комиссиясынын иш-аракеттерине жана чечимине карата 06.11.2016-ж. кир. № 01-14/999 арызы боюнча чечимин эске алып, шайлоочулардын жана шайлоонун башка катышуучуларынын конституциялык укуктарын сактоо жана жүзөгө ашыруунун кепилдиктерин камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын "Демократ" саясий партиясынын талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн документтерин кароого кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө 2016-жылдын 5-ноябрындагы № 10 чечими жокко чыгарылсын.

2. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы "Демократ" саясий партиясынан документтерди кабыл алсын жана мыйзамга ылайык карап чыксын.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Асаналиевге жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
