# КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 186 "2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторунун фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 186 "2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторунун фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 186
- Кабыл алынган күнү: 04.11.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.11.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12348>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3/edition/997910/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12348.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.11.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 186 "2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторунун фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө" токтому (04.11.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12348

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2016-жылдын 4-ноябры № 186 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторунун фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторунун фонддорунун атайын эсептерин ачуу максатында, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 13-бөлүгүн жана "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесинин 5-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторунун фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелери болуп "РСК Банк" ААКсы жана "Айыл Банк" ААКсы белгиленсин.

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси Г.М.Баатыровага жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
