# КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 185 "2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 185 "2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 185
- Кабыл алынган күнү: 04.11.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.11.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12347>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2/edition/997908/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12347.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.11.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 185 "2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө" токтому (04.11.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12347

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2016-жылдын 4-ноябры № 185 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө 2016-жылдын 3-ноябрындагы № 174 "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдумду дайындоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган референдумга байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 42-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 11, 12-пункттарын, 25-беренесиндеги 2, 3, 6, 7-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүгө чыгымдардын сметасы 92875000 (токсон эки миллион сегиз жүз жетимиш беш миң) сом суммасында бекитилсин (тиркелет).

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмү каржылоону бекитилген сметага ылайык жүргүзсүн.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабековага жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
