# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 430 "Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 430 "Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 430
- Кабыл алынган күнү: 17.09.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12343>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2413/edition/1230426/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12343.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 430 "Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (14.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12343

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2018-жылдын 17-сентябры № 430 Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Автомобиль жана суу транспорту жаатындагы ишке тийиштүү маселелерди жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 41-главасы күчүн жоготту деп таанылсын.

"Кыргыз Республикасынын Укуктук Маалыматтардын Борборлоштурулган Банкы" эскертет: Берилген токтомдун 2-пунктундагы абзацтардын саны расмий тилдеги текстин абзацтарынын санына дал келбейт.

3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 28-сентябрында № 80 жарыяланды

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
