# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-сентябрындагы N 443 "2018-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-сентябрындагы N 443 "2018-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 443
- Кабыл алынган күнү: 22.09.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12341>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2411/edition/901508/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12341.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-сентябрындагы N 443 "2018-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө" токтому (22.09.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12341

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 22-сентябры N 443 2018-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө

Пенсионерлердин жашоо деңгээлин андан ары колдоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2018-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициенти 1,07 өлчөмүндө бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:

- «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2018-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн 2018-жылдын 1-октябрынан тартып 1,07 индексациялоо коэффициентине, бирок жалпы өлчөмү 4 393 сомду түзгөн жана андан ашпаган пенсиялар үчүн 250 сомдон кем эмес жана жалпы өлчөмү 4 394 сомду түзгөн жана андан ашкан пенсиялар үчүн 370 сомдон кем эмес индексацияласын;

- пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн өз убагында кайра эсептөөнү жана аларды жаңы өлчөмдө төлөп берүүнү камсыз кылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
