# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-сентябрындагы № 419 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гауптвахталарындагы ички тартиптин эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-сентябрындагы № 419 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гауптвахталарындагы ички тартиптин эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 419
- Кабыл алынган күнү: 07.09.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.09.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12326>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2398/edition/898368/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12326.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.09.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-сентябрындагы № 419 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гауптвахталарындагы ички тартиптин эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому (07.09.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12326

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 7-сентябры № 419 Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гауптвахталарындагы ички тартиптин эрежелерин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гауптвахталарынын ишин уюштурууну иретке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароол кызматтарынын уставына № 14 тиркеменин 37-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гауптвахталарындагы ички тартиптин тиркелген эрежелери бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы (макулдашуу боюнча), коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, башка аскердик түзүлүштөр жана аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдар өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.

3. Ушул токтом 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

М. Абылгазиев
