# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 383 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-февралындагы № 111 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдында «Мүлк» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 383 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-февралындагы № 111 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдында «Мүлк» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 383
- Кабыл алынган күнү: 22.08.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.10.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12320>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2392/edition/1229245/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12320.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 383 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-февралындагы № 111 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдында «Мүлк» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (27.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12320

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-октябрындагы № 589 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 22-августу № 383 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-февралындагы № 111 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдында «Мүлк» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Конфискацияланган мүлктү натыйжалуу колдонуу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-статьясына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-февралындагы № 111 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдында «Мүлк» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы «Мүлк» мамлекеттик ишканасынын уставында:

- 16-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«16. Ишканада – жалпы маселелер боюнча директордун орун басары жана коммерциялык маселелер боюнча директордун орун басары эки кызмат орду каралган. Ишкананын директорунун орун басарлары Фонддун төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Ишкананын директору жок учурда анын милдеттерин орун басарларынын бири аткарат.

- бүткүл текст боюнча «директордун орун басары» деген сөздөр «директордун орун басарлары» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
