Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин мамлекеттик эсепке алууну, кадастрын жана мониторингин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 7-сентябры № 421 Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин мамлекеттик эсепке алууну, кадастрын жана мониторингин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө
Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин ареалдарын, санын жана абалын аныктоо боюнча иш-аракеттерди регламенттөө, алынган маалыматтарды эсепке алуу, өзгөрүүлөргө баа берүү, биологиялык түрдүүлүктү сактоо үчүн терс процесстердин жана кубулуштардын кесепеттеринин алдын алуу жана аларды жоюу максатында, "Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин мамлекеттик эсепке алууну, кадастрын жана мониторингин жүргүзүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрүшсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Жаныбарлар дүйнөсү тууралууЗакон · 17.06.1999 · № 59
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон