# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 396 "Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында транспорттук контролдоону жана товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 396 "Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында транспорттук контролдоону жана товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 396
- Кабыл алынган күнү: 23.08.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12309>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2385/edition/1076910/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12309.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 396 "Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында транспорттук контролдоону жана товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому (14.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12309

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 221 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 23-августу № 396 Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-апрелиндеги № 150, 2020-жылдын 13-мартындагы № 151, 2020-жылдын 21-августундагы № 430 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, экспорттук потенциалды арттырууну, Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу, эсепке алынган датаны аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-апрелиндеги № 150 токтомунун редакциясына ылайык) ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартиби, 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алуунун убактылуу/стационардык пункттары аркылуу жеке пайдалануу үчүн жеке жактар тарабынан ташылып келүүчү товарларга товар коштоочу документтерди (эл аралык транспорттук коштомо кагаз - СМR, же коштомо кагаз, эсеп-фактура) милдеттүү тариздөө талап кылынбаган товарлардын тизмеси жана товарларды ташып киргизүү боюнча сунушталган минималдык ченемдер, 2-тиркемеге ылайык.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-апрелиндеги № 150, 2020-жылдын 13-мартындагы № 151 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-апрелиндеги № 150 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу максатында Талас облусунун Манас районунда ("Чоң-Капка-автожол"), Талас облусунун Кара-Буура районунда ("Маймак" темир жол станциясы), Чүй облусунун Жайыл районунда ("Кара-Балта" темир жол станциясы), Чүй облусунун Аламүдүн районунда ("Аламүдүн" темир жол станциясы), Ош облусунун Кара-Суу районунда ("Кара-Суу" темир жол станциясы), Бишкек шаарында ("Бишкек-1" темир жол станциясы), "Манас" эл аралык аэропортунда, "Ош" эл аралык аэропортунда, Чүй облусунун Панфилов районунда ("Чалдыбар автожол"), Чүй облусунун Ысык-Ата районунда ("Ак-Тилек автожол"), Чүй облусунун Аламүдүн районунда ("Ак-Жол автожол"), Чүй облусунун Чүй районунда ("Токмок автожол"), Чүй облусунун Ысык-Ата районунда ("Кең-Булуң автожол"), Ысык-Көл облусунун Түп районунда ("Каркыра автожол") жайгашкан кыргыз-казак мамлекеттик чек ара участогундагы өткөрүү пункттарынын жанындагы жерлерди төмөнкү объекттер үчүн бөлүп берүү боюнча зарыл иш-чараларды жүргүзсүн:

1) транспорттук контролдоонун жана товарларды эсепке алуунун стационардык пункттары иштеп баштаганга чейин транспорттук контролдоонун жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пункттары;

2) транспорттук контролдоонун жана товарларды эсепке алуунун стационардык пункттарын куруу (көчүрүү, кайра багыттоо);

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен бирдикте транспорттук контролдоонун жана товарларды эсепке алуунун пункттарынын ишин уюштуруу регламентинин маселелерин иштеп чыксын.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-апрелиндеги № 150, 2020-жылдын 13-мартындагы № 151, 2020-жылдын 21-августундагы № 430 токтомдорунун редакцияларына ылайык токтомунун редакциясына ылайык)

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги:

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен бирдикте долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыксын жана товарларды эсепке алуунун убактылуу/стационардык пункттарын орнотуу боюнча финансы-экономикалык чыгымдарын эсептесин;

- заказчы катары чыксын, транспорттук контролдоонун жана товарларды эсепке алуунун убактылуу/стационардык пункттарын курууну (көчүрүүнү, кайра багыттоону) камсыз кылсын.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-апрелиндеги № 150 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы администрациялаган салыктар боюнча республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтсүн жана төмөнкү мамлекеттик органдарды каржылоону камсыз кылуу үчүн "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорун даярдоодо ушул токтомдон келип чыгуучу чыгымдардын суммаларын кошумча кирешелерге жараша караштырсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги үчүн ушул токтомдун 4-пунктун аткаруу жана Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартибин ишке ашыруу максатында;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алуунун убактылуу жана стационардык пункттарынан реалдуу убакыт режиминде маалымат берүү мүмкүнчүлүгү менен серверлерди сатып алуу жана орнотуу максатында.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-апрелиндеги № 150 токтомунун редакциясына ылайык)

6. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-апрелиндеги № 150 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

7. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги 2019-жылдын 1-январына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте Талас облусунун Манас районунда ("Кичи-капка автожол"), Чүй облусунун Жайыл районунда ("Жайыл автожол"), Чүй облусунун Сокулук районунда ("Камышановка автожол"), Чүй облусунун Ысык-Ата районунда ("Кең-Булуң автожол"), Чүй облусунун Чүй районунда ("Токмок автожол"), Ысык-Көл облусунун Түп районунда ("Каркыра автожол") жайгашкан кыргыз-казак мамлекеттик чек ара участогундагы өткөрүү пункттарынын жанында Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында транспорттук контролдоону жана товарларды эсепке алууну камсыз кылуу максатында транспорттук контролдоонун жана товарларды эсепке алуунун убактылуу же стационардык пункттарынын объекттери үчүн жер бөлүп берүү боюнча иш-чараларды зарылдыгына жараша жүргүзсүн.

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-октябрындагы № 524 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготту деп таанылсын.

9. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен бирдикте 2018-жылдын 1-октябрына чейин Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында темир жол жана аба транспорту менен өткөрүлүүчү товарлардын (жүктөрдүн) көлөмүн эсепке алууну камсыз кылууга багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

10. Министрликтер жана ведомстволор өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомдун жоболоруна ылайык келтиришсин.

11. Ушул токтом товарларды эсепке алуунун убактылуу жана стационардык пункттарынын ар бири иштеп баштаган күндөн тартып күчүнө кире турган 1-пунктунан тышкары расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-апрелиндеги № 150 токтомунун редакциясына ылайык) "Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 28-августундагы № 72 жарыяланды

12. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев

2-тиркеме Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алуунун убактылуу/стационардык пункттары аркылуу жеке пайдалануу үчүн жеке жактар тарабынан ташылып келүүчү товарларга товар коштоочу документтерди (эл аралык транспорттук коштомо кагаз - СМК, же коштомо кагаз, эсеп-фактура) милдеттүү тариздөө талап кылынбаган товарлардын тизмеси жана товарларды ташып киргизүү боюнча сунушталган минималдык ЧЕНЕМДЕР (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 151 токтомунун редакциясына ылайык)

№

ТЭИ ТН коду

Позициянын аталышы

Өлчөө бирдиги

Саны

Адамдын товар алып келүү эселүүлүгү (мезгил)

1

01

Бодо мал

баш

3

Айдын ичинде

2

Кой-эчки

баш

5

Айдын ичинде

3

Жылкы

баш

3

Айдын ичинде

4

Башка тирүү жаныбарлар

баш

10

Айдын ичинде

5

02

Бодо малдын эти

кг

11

Айдын ичинде

6

Кой-эчкинин эти

кг

11

Айдын ичинде

7

Канаттуулардын эти

кг

11

Айдын ичинде

8

Башка эт жана тамак-аштык эт субазыктары

кг

11

Айдын ичинде

9

Тирүү балык

кг

5

Айдын ичинде

10

Тоңдурулган балык

кг

5

Айдын ичинде

11

Башка балыктар жана рак сымалдар, моллюскалар жана суудагы башка омурткасыздар

кг

5

Айдын ичинде

12

04

Сүт азыктары

литр

20

Суткасына 1 жолу

13

Акмай

кг

1

Суткасына 1 жолу

14

Сыр жана быштак

кг

3

Суткасына 1 жолу

15

Жумуртка

даана

45

Айдын ичинде

16

Накта бал

кг

10

Айдын ичинде

17

Малдан алынуучу башка тамак-аш азыктары

кг

20

Суткасына 1 жолу

18

07

Картошка

кг

50

Айдын ичинде

19

Томаттар

кг

50

Айдын ичинде

20

Пияз

кг

50

Айдын ичинде

21

Капуста

кг

50

Айдын ичинде

22

Сабиз

кг

50

Айдын ичинде

23

Бадыраң

кг

50

Айдын ичинде

24

Буурчак жашылчалары

кг

50

Айдын ичинде

25

Башка жашылчалар жана айрым желүүчү тамыры жемиш жана тамыры мөмө байлоочу өсүмдүктөр

кг

50

Айдын ичинде

26

08

Жаңгактар

кг

25

Айдын ичинде

27

Банандар

кг

25

Айдын ичинде

28

Курма, инжир, ананас, авокадо, гуайява, манго

кг

25

Айдын ичинде

29

Цитрус мөмөлөрү

кг

25

Айдын ичинде

30

Жүзүм

кг

25

Айдын ичинде

31

Коон, дарбыз

кг

50

Айдын ичинде

32

Алма, алмурут жана айва

кг

25

Айдын ичинде

33

Кызыл өрүк, алча жана чие, шабдаалы, кара өрүк

кг

25

Айдын ичинде

34

Башка жемиштер, желүүчү жемиштер жана жаңгактар; цитрус мөмөлөрүнүн кабыгы же коондун кабыгы

кг

25

Айдын ичинде

35

09

Кофе

кг

10

Айдын ичинде

36

Чай

кг

10

Айдын ичинде

37

Башка кофе, чай, мате, же парагвай чайы жана ташмалдар

кг

10

Айдын ичинде

38

10

Буудай

кг

300

Айдын ичинде

39

Кара буудай

кг

300

Айдын ичинде

40

Арпа

кг

300

Айдын ичинде

41

Сулу

кг

300

Айдын ичинде

42

Жүгөрү

кг

300

Айдын ичинде

43

Күрүч

кг

100

Айдын ичинде

44

Башка дандар

кг

300

Айдын ичинде

45

11

Ун

кг

50

Айдын ичинде

46

Угут

кг

100

Айдын ичинде

47

Крахмал

кг

50

Айдын ичинде

48

Ун-акшак өнөр жайынын башка азыктары

кг

50

Айдын ичинде

49

15

Малдан жана өсүмдүктөн алынуучу тоң майлар жана суюк майлар

кг

30

Айдын ичинде

50

Өсүмдүктөн же малдан алынуучу башка тоң майлар жана суюк майлар

кг

30

Айдын ичинде

51

16

Колбасалар

кг

20

Айдын ичинде

52

Эт субазыктары

кг

20

Айдын ичинде

53

Даяр же консерваланган балык

кг

20

Айдын ичинде

54

Эттен, балыктан жасалган башка даяр азыктар

кг

20

Айдын ичинде

55

17

Кант

кг

50

Айдын ичинде

56

Кондитер азыктары

кг

7

Айдын ичинде

57

Канттан жасалган башка азыктар

кг

7

Айдын ичинде

58

19

Ундан жасалган даяр тамак-аш азыктары

кг

50

Айдын ичинде

59

Макарон азыктары

кг

50

Айдын ичинде

60

Нан, ундан жасалган кондитер азыктары

кг

50

Айына 1 жолу

61

Ундан жасалган башка кондитер азыктары

кг

20

Айына 1 жолу

62

22

Минералдуу жана газдалган суулар

литр

20

Айдын ичинде

63

Угуттуу пиво

литр

20

Айдын ичинде

64

Жүзүм шарабы

литр

10

Айдын ичинде

65

Спирт ичимдиктери

литр

10

Айдын ичинде

66

Этил спирти

литр

10

Айдын ичинде

67

Уксус

литр

10

Айдын ичинде

68

Башка алкоголдуу жана алкоголсуз суусундуктар

литр

20

Айдын ичинде

69

24

Тамеки сырьесу

кг

10

Айдын ичинде

70

Башка тамеки жана тамекини өнөр жайлык алмаштыруучулар

кг

10

Айдын ичинде

71

25

Туз

кг

20

Айдын ичинде

72

Мрамор, травертин

кг

200

Айдын ичинде

73

Гранит

кг

200

Айдын ичинде

74

Майда таш, шагыл, кырдуу шагыл же майдаланган таш

кг

2000

Айдын ичинде

75

Гипс

кг

300

Айдын ичинде

76

Акиташ

кг

300

Айдын ичинде

77

Портландцемент, цемент

кг

200

Айдын ичинде

78

Цемент

кг

200

Айдын ичинде

79

Асбест

кг

300

Айдын ичинде

80

Башка топурак жана таш, шыбак материалдары

кг

500

Айдын ичинде

81

27

Таш көмүр, брикеттер

кг

2000

Айдын ичинде

82

Кокс

кг

2000

Айдын ичинде

83

Автомобиль бензини

литр

Бак + 20 л. (канистр)

Суткасына 1 жолу

84

Дизель отуну

литр

Бак + 20 л. (канистр)

Суткасына 1 жолу

85

Мотор майлары

литр

10

Кварталына 1 жолу

86

Башка отундар

литр

Бак + 20 л. (канистр)

Суткасына 1 жолу

87

30

Дары каражаттары

даана

Эки аталышта, ар биринен 10 даанадан ашык эмес

Суткасына 1 жолу

88

Башка фармацевт продукциясы

даана

Эки аталышта, ар биринен 10 даанадан ашык эмес

Күнүнө 1 жолу

89

31

Малдан же өсүмдүктөн алынуучу жер семирткичтер

кг

1000

Айдын ичинде

90

Башка жер семирткичтер

кг

1000

Айдын ичинде

91

32

Сырлар жана лактар; шпатлевка, мастика

литр

30

Жылдын ичинде

92

Башка боёчу заттар; мастика; полиграфия боёгу, сыя, тушь

литр

20

Жылдын ичинде

93

33

Атыр

таңгак

Эки аталышта, ар бири 3төн ашык эмес

Айдын ичинде

94

Атырлуу суу

таңгак

Эки аталышта, ар бири 3төн ашык эмес

Айдын ичинде

95

Башка эфир майлары жана резиноиддер; парфюмердик, косметикалык же атыр каражаттары

таңгак

Эки аталышта, ар бири 3төн ашык эмес

Айдын ичинде

96

34

Самын

таңгак

20

Айдын ичинде

97

Башка жуучу каражаттар, беттик-активдүү органикалык заттар, жуучу каражаттар, майлоочу материалдар, жасалма жана даяр момдор, тазалоо же жылмалоо үчүн курамдар, шамдар жана ага окшош буюмдар, жабыштыруу үчүн пасталар, пластилин, "тиш дарыгеринин мому" жана тиш дарыгердин гипстин негизиндеги курамдары

кг

20

Айдын ичинде

98

36

Фейерверктер

даана

20

Жылдын ичинде

99

Башка пиротехникалык буюмдар

даана

20

Жылдын ичинде

100

39

Түтүктөр, түтүкчөлөр, шлангдар жана алардын пластмассадан жасалган фитингдери

даана

50

Айдын ичинде

101

Ванналар, душтар, раковина, биде, унитаздар, пластмассадан жасалган

даана

2

Айдын ичинде

102

Пластмассадан жасалган ашкана идиштери

даана

30

Айдын ичинде

103

Пластмассадан жасалган башка буюмдар

даана

30

Айдын ичинде

104

40

Жаңы резина шиналары жана покрышкалары

даана

4

Квартал ичинде

105

Мурда колдонулган резина шиналары жана покрышкалары

даана

4

Квартал ичинде

106

Резина камералары

даана

8

Айдын ичинде

107

Башка каучук, резина жана алардан жасалган буюмдар

даана

5

Айдын ичинде

108

41

Бодо малдын иштетилбеген терилери

даана

5

Квартал ичинде

109

Кой-эчкинин иштетилбеген терилери

даана

5

Квартал ичинде

110

Ийленген булгаары

даана

2

Айдын ичинде

111

Башка иштетилбеген терилер (накта мехтен тышкары) жана өңдөлгөн булгаары

даана

5

Квартал ичинде

112

42

Саквояждар, чемодандар, аялдардын сумкалары

даана

2

Айдын ичинде

113

Накта булгаарыдан жасалган башка буюмдар (жибек куртунун фиброининин буласынан тышкары)

даана

3

Айдын ичинде

114

44

Иштетилбеген жыгач материалдары

м3

10

Жылдын ичинде

115

Тактайлар

м3

10

Жылдын ичинде

116

Желимделген фанера

м3

10

Жылдын ичинде

117

Башка жыгачтар жана алардан жасалган буюмдар; жыгач көмүрү

м3

10

Жылдын ичинде

118

46

Токулган жана токуу үчүн материалдан жасалган ошол сыяктуу буюмдар

даана

10

Жылдын ичинде

119

Башка токулган буюмдар

даана

10

Жылдын ичинде

120

47

Жыгачтан же башка булалуу целлюлоза материалдарынан масса; регенирленген кагаз же картон

м3

5

Жылдын ичинде

121

48

Кагаз жана картон; кагаз массасынан, кагаздан же картондон буюмдар

даана/к г

10 же 50

Жылдын ичинде

122

49

Басма китептери, гезиттер, репродукциялар жана полиграфия өнөр жайынын башка буюмдары

даана

10

Суткасына 1 жолу

123

Башка басма продукциясы

даана/кг

10 же 50

Суткасына 1 жолу

124

50

Жибек

кг/метр

20

Айдын ичинде

125

Жибектен жасалган башка буюмдар

кг/метр

20

Айдын ичинде

126

51

Жүн

кг

20

Айдын ичинде

127

Жүн жиптен жасалган кездемелер

кг/метр

10

Айдын ичинде

128

52

Кебез

кг

20

Айдын ичинде

129

Кебезден жасалган башка буюмдар

даана

10

Айдын ичинде

130

55

Синтетика булаларынан жасалган кездемелер

кг/метр

10

Айдын ичинде

131

Химиялык буладан жасалган башка буюмдар

даана

10

Айдын ичинде

132

57

Килемдер

даана

2

Айдын ичинде

133

Башка килемдер жана полго салынуучу текстиль жабуулары

даана

2

Айдын ичинде

134

59

Линолеум

метр

10

Суткасына 1 жолу

135

Башка текстиль материалдары

метр

10

Айдын ичинде

136

61

Пальто, кыска пальто, жамынма, плащтар, күрмөлөр, ветровкалар, штормовкалар

даана

2

Айдын ичинде

137

Костюмдар, комплекттер, пиджактар, блайзерлер, шымдар, комбинезондор

даана

2

138

Көйнөктөр

даана

10

Айдын ичинде

139

Блузкалар, блузалар

даана

10

Айдын ичинде

140

Кальсондор, трусылар, ич көйнөктөр, пижамалар, мончого кийүүчү халаттар, үйдө кийүүчү халаттар

даана

10

Айдын ичинде

141

Майкалар, жеңдүү фуфайкалар жана башка машина же кол менен токулган трикотаж фуфайкалар

даана

10

Айдын ичинде

142

Свитерлер, пуловерлер, кардигаңдар, жилеттер

даана

5

Айдын ичинде

143

Балдар кийими

даана

5

Айдын ичинде

144

Спорттук костюмдар

даана

5

Айдын ичинде

145

Колготкилер, чулкилер, гольфалар, байпактар

даана

10

Айдын ичинде

146

Мээлейлер, кол каптар

даана

5

Айдын ичинде

147

Башка кийим предметтери

даана

5

Айдын ичинде

148

63

Жууркандар жана пледдер

даана

5

Айдын ичинде

149

Ич кийим

даана

5

Айдын ичинде

150

Көшөгө

даана

5

Айдын ичинде

151

Брезенттер; чатырлар

даана

2

Айдын ичинде

152

Башка даяр текстиль буюмдары

даана

5

Айдын ичинде

153

64

Бут кийим

даана

10

Айдын ичиңде

154

Башка бут кийим

даана

10

Айдын ичинде

155

65

Шляпалар

даана

3

Айдын ичинде

156

Башка баш кийимдер жана алардын бөлүктөрү

даана

3

Айдын ичинде

157

66

Кол чатырлар

даана

5

Айдын ичинде

158

Күндөн коргоочу башка кол чатырлар, тросттор, тросттор-отургучтар, атка минүү үчүн чыбыктар, камчылар жана алардын бөлүктөрү

даана

5

Айдын ичинде

159

68

Брусчатка, бордюр таштары жана плиталар

даана

200

Айдын ичинде

160

Иштетилген таш

даана

200

Айдын ичинде

161

Цементтен, бетондон же жасалма таштан жасалган буюмдар

даана

200

Айдын ичиңде

162

Таштан, гипстен, цементтен, асбесттен, слюдадан же ушуларга окшош материалдардан жасалган башка буюмдар

даана

100

Айдын ичинде

163

69

Бышкан кыштар, блоктор, плиткалар

даана

500

Айдын ичинде

164

Отко чыдамдуу бышкан кыштар

даана

500

Айдын ичинде

165

Башка керамика буюмдары

даана

5

Айдын ичинде

166

70

Айнек тактасы

даана

10

Айдын ичинде

167

Айнек күзгүлөр

даана

5

Айдын ичинде

168

Ашкана идиши

даана/компл.

20/3

Айдын ичинде

169

Айнектен башка буюмдар жана алардан жасалган буюмдар

даана/компл.

20/3

Айдын ичинде

170

71

Табигый же жасалма бермет, кымбат баалуу же жарым-жартылай кымбат баалуу таштар, кымбат баалуу металлдар, кымбат баалуу металлдар менен жасалгаланган металлдар жана алардан жасалган буюмдар; бижутерия; тыйындар

даана

10

Айдын ичинде

171

Кымбат баалуу металлдардан жана таштардан жасалган башка буюмдар

даана

10

Айдын ичинде

172

72

Кара металлдар

кг

500

Айдын ичинде

173

Башка кара металлдар

кг

500

Айдын ичинде

174

73

Кара металлдардан жасалган буюмдар

даана

500

Айдын ичинде

175

Кара металлдардан жасалган башка буюмдар

даана

500

Айдын ичинде

176

74

Жез жана андан жасалган буюмдар

кг

500

Айдын ичинде

177

Башка жез жана андан жасалган буюмдар

даана

500

Айдын ичинде

178

76

Алюминий жана андан жасалган башка буюмдар

кг

500

Айдын ичинде

179

Башка алюминий жана андан жасалган буюмдар

кг

500

Айдын ичинде

180

78

Коргошун жана андан жасалган буюмдар

кг

500

Айдын ичинде

181

Башка коргошун жана андан жасалган буюмдар

кг

500

Айдын ичинде

182

82

Кымбат баалуу эмес металлдардан жасалган аспаптар, шаймандар, бычак буюмдары, кашыктар жана аш айрылар, кымбат баалуу эмес металлдардан жасалган алардын бөлүктөрү

даана

50

Айдын ичинде

183

83

Кымбат баалуу эмес металлдардан жасалган башка буюмдар

даана

10

Айдын ичинде

184

84

От казандар

даана

2

Айдын ичинде

185

Насостор

даана

2

Айдын ичинде

186

Машиналар, жабдуулар жана станоктор

даана

2

Айдын ичинде

187

Аспаптар

даана

10

Айдын ичинде

188

Башка жабдуулар жана механикалык түзүлүштөр

даана

2

Айдын ичинде

189

85

Кыймылдаткычтар

даана

2

Айдын ичинде

190

Трансформаторлор

даана

2

Айдын ичинде

191

Аккумуляторлор

даана

3

Айдын ичинде

192

Башка электр

даана

2

Айдын ичинде

201

94

Эмерек

даана

2

Айдын ичинде

202

Матрац үчүн негиздер; шейшеп-жаздык каптар жана ушул сыяктуу эмерек буюмдары

даана

10

Айдын ичинде

203

Башка эмеректер жана анын бөлүктөрү

даана

2

Айдын ичинде

204

95

Оюнчуктар, оюндар жана спорттук инвентарь, алардын бөлүктөрү жана тетиктери

даана

10

Айдын ичинде

205

97

Көркөм өнөр чыгармалары, коллекциялоо предметтери жана антиквариат

даана

5

Айдын ичинде

Эскертүү: Ушул Тизме төмөнкүлөргө карата колдонулбайт:

1) Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүгө тыюу салынган же чектелген товарларга;

2) ишкердик максаттарда колдонулуучу товарларга.
