# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-августундагы № 399 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-августундагы № 399 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 399
- Кабыл алынган күнү: 27.08.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12305>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2382/edition/896851/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12305.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-августундагы № 399 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (26.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12305

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-сентябрындагы № 619 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 27-августу № 399 Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен колдонууга киргизилген Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 72-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

М. Абылгазиев
