Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Ички жер которуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 24 июня 2022 года № 335 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-06-24.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 23-августу № 394 «Ички жер которуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Ички жер которуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Юстиция
министринин орун басары ушул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
«Ички жер которуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1- берене «Ички жер которуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 10, 434-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьясында:
а) сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«турган жери - Кыргыз Республикасынын жаранынын туруктуу жашаган жери болуп саналбаган, анын убактылуу жашаган жери;»;
б) төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
«Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жери жана турган жери боюнча каттап эсепке алуу - жарандарды Кыргыз Республикасынын чегинде жашаган жери жана турган жери боюнча каттоо жөнүндө ушул Мыйзамда каралган маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан жазуу;»;
2) 9-статьясында:
а) «ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык» деген сөздөр алып салынсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
«Жарандарды каттоо жана каттоодогу эсептен чыгаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте автоматташтырылган маалыматтык тутум аркылуу жүргүзүлөт.»;
3) 13-статьясында:
а) 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Белгилүү бир жашаган жери жок жарандар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан өздөрү жашаган Кыргыз Республикасынын тийиштүү административдик- аймактык бирдигинин аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын юридикалык дареги боюнча каттала алышат.»;
б) 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Жаранды турган жери боюнча каттоо жарандын Кыргыз Республикасынын башка административдик- аймактык бирдигинде же анын жашаган жери болуп саналбаган башка турак жайда убактылуу турган учурда, жашаган жери боюнча каттоодогу эсептен чыгарбастан, 45 календардык күндөн ашык мөөнөткө жүргүзүлөт. Жаранды жашаган жери жана турган жери боюнча каттоо кайрылган күнү жүргүзүлөт.»;
4) 14-статьясы күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 16-статьясы төмөнкүдөй мазмундагы редакцияда баяндалсын:
«16- статья. Жашаган жери боюнча каттоо
1. Жашаган жерин өзгөрткөн жаран жаңы жашаган жерине келген күндөн тартып 10 иш күндөн кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте каттап эсепке алуу үчүн жаңы жашаган жери боюнча катталууга милдеттүү.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында жеке менчик укугунда бир нече турак жайы бар жаран алардын бирөөндө гана жашаган жери боюнча катталат.»;
6) 17-статьясынын 1-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2- берене
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин кучүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты айлык мөөнөттөн кечиктирбестен өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун чакыртып алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 10
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-майындагы № 226 "Жарандарды каттоолук эсепке алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына ("Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 21.05.2019 · № 226
Шилтеме берет (3)
- Ички жер которуу жөнүндөЗакон · 30.07.2002 · № 133
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2022 · № 335
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон