# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 388 "2014-жылдын 30-майында Минск шаарында кол коюлган транспорттук коопсуздукту камсыздоо жаатындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин маалыматтык өз ара аракеттери жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 388 "2014-жылдын 30-майында Минск шаарында кол коюлган транспорттук коопсуздукту камсыздоо жаатындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин маалыматтык өз ара аракеттери жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 388
- Кабыл алынган күнү: 23.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.08.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12289>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2368/edition/895425/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12289.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.08.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 388 "2014-жылдын 30-майында Минск шаарында кол коюлган транспорттук коопсуздукту камсыздоо жаатындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин маалыматтык өз ара аракеттери жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому (23.08.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12289

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 23-августу № 388 2014-жылдын 30-майында Минск шаарында кол коюлган транспорттук коопсуздукту камсыздоо жаатындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин маалыматтык өз ара аракеттери жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2014-жылдын 30-майында Минск шаарында кол коюлган Транспорттук коопсуздукту камсыздоо жаатындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин маалыматтык өз ара аракеттери жөнүндө расмий тилде тиркелген макулдашуу бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

М. Абылгазиев
