# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-августундагы № 374 "Дем алыш күндү которуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-августундагы № 374 "Дем алыш күндү которуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 374
- Кабыл алынган күнү: 14.08.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.08.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12268>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2354/edition/1146046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12268.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.08.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-августундагы № 374 "Дем алыш күндү которуу жөнүндө" токтому (14.08.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12268

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 14-августу № 374 Дем алыш күндү которуу жөнүндө

2018-жылы дем алыш жана майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2018-жылдын 22-сентябрындагы дем алыш күнү 2018-жылдын 20-августундагы иш күнүнө которулсун.

2. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине 2018-жылдын 22-сентябрындагы дем алыш күнүн 2018-жылдын 20-августундагы иш күнүнө которуу сунушталсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

М. Абылгазиев
