Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-сентябрындагы № 517 „Салттуу билимдерди каттоо жана пайдаланууга укук берүү үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 7-августу № 363 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-сентябрындагы № 517 "Салттуу билимдерди каттоо жана пайдаланууга укук берүү үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-сентябрындагы № 517 "Салттуу билимдерди каттоо жана пайдаланууга укук берүү үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салттуу билимдерди каттоо жана пайдаланууга укук берүү үчүн алымдар жөнүндө жободо:
- 1-пункту "Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле алымдарды төлөөдөн бошотуу жана алардын өлчөмдөрүн азайтуу үчүн негиздер" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-пунктунун биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- I бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7. Салттуу билимдердин ээлери болуп саналган жактарга ушул Жобонун II бөлүгүндө белгиленген алымдарды төлөө боюнча төмөнкүдөй жеңилдиктер берилет:
а) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары же аларга теңештирилген адамдар, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген биринчи жана экинчи топтогу майыптар, ошондой эле республикалык бюджеттен каржылануучу мамлекеттик органдар жана мекемелер алым төлөөдөн толук бошотулушат;
б) жеке жактар алымдардын өлчөмүнүн 10%ын төлөшөт;
в) ушул пункттун "а" пунктчасында каралган уюмдардан тышкары, коммерциялык эмес уюмдар алымдардын өлчөмүнүн 30%ын төлөшөт.".
- II бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматына" деген сөздөр "интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2008-жылдын 15-сентябры № 517 " Салттуу билимдерди каттоо жана пайдаланууга укук берүү үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"Постановление · 15.09.2008 · № 517
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон