Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Минск шаарында 2017-жылдын 30-ноябрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыздоо жаатында кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 7-августу № 366 "Минск шаарында 2017-жылдын 30-ноябрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыздоо жаатында кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Минск шаарында 2017-жылдын 30-ноябрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыздоо жаатында кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Минск шаарында 2017-жылдын 30-ноябрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыздоо жаатында кызматташуусу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү дайындалсын.
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Минск шаарында 2017-жылдын 30-ноябрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыздоо жаатында кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1- берене Минск шаарында 2017-жылдын 30-ноябрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыздоо жаатында кызматташуусу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2- берене Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун катчылыгына жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3- берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын"7" августундагы № 366 токтому менен жактырылган
Минск шаарында 2017-жылдын 30-ноябрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыздоо жаатында кызматташуусу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
Минск шаарында 2017-жылдын 30-ноябрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыздоо жаатында кызматташуусу жөнүндө макулдашуу (мындан ары -Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт. Макулдашуу кол коюлганга чейин тиешелүү мамлекеттик органдар жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен макулдашылып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-ноябрындагы № 541-6 буйругу менен жактырылган. Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыздоо жаатында кызматташуусу жөнүндө макулдашуу Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук Кеңешинин 2016-жыддын 14-октябрындагы чечими менен бекитилген Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2025-жылга чейинки мезгилде жамааттык коопсуздук жөнүндө стратегиясында баяндалган максаттарга жетүүгө жана милдеттерди чечүүгө багытталган. Макулдашуунун максаты болуп Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыздоо кызыкчылыгын көздөөдө Тараптардын өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү эсептелет. Тараптар маалымат коопсуздугунун коркунучтарына каршы биргелешип чара көрүүнүн, маалымат коопсуздугун камсыздоо жаатындагы ишенимди бекемдөө чараларын өнүктүрүү, маалымат коопсуздугун камсыздоонун технологиялык негиздерин жакшыртуу жана башка багыттар боюнча практикалык механизмдерди түзүү жолу менен кызматташтыкты ишке ашырышат. "Кыргыз Республикасынын эл аралык. келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланууга тийиш. Макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир финансы-экономикалык терс кесепеттерге жана мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылоого алып келбейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 11-октябрындагы № 2632-VI "2017-жылдын 30-ноябрында Минск шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин…Постановление · 11.10.2018 · № 2632-VI
- Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 13-сентябрындагы № 2572-VI "2017-жылдын 30-ноябрында Минск шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин…Постановление · 13.09.2018 · № 2572-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 1-ноябрындагы № 2686-VI "2017-жылдын 30-ноябрында Минск шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин…Постановление · 01.11.2018 · № 2686-VI
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-ноябрындагы № 541-б (Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыздоо жаатында кызматташуусу жөнүндө…Распоряжение · 28.11.2017 · № 541-р
- 2017-жылдын 30-ноябрында Минск шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыз кылуу жаатында кызматташуусу…Закон · 05.12.2018 · № 98
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон