Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Өзгөчө янтардык түзүлүштөрдү асыл таштарга таандык кылуунун тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 5 февраля 2025 года № 58 "О некоторых операциях с драгоценными металлами и драгоценными камнями"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-02-05.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 58 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 303 токтомуна
Өзгөчө янтардык түзүлүштөрдү асыл таштарга таандык кылуунун ТАРТИБИ
1. Ушул Тартип өзгөчө янтардык түзүлүштөрдү асыл таштарга таандык кылуу критерийлерин белгилейт.
2. Өзгөчө янтардык түзүлүштөрдү асыл таштарга таандык кылуунун негизги критерийлери болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
массасы - 1000 граммдан жогору; формасы - янтардын өзөк ичиндеги түзүлүшкө жараша ар түрдүү, фантазиялуу болушу; бүтүндүгү - өзүнүн түзүмү боюнча салыштырма чулу (80 пайыздан кем эмес) болуп, үлгүнүн бүтүндүгүнө коркунуч келтирүүчү көрүнөө жаракалар, өтмө тешиктери болбогон; камтылыштардын болушу - флора жана фаунанын жакшы сакталып калган калдыктарын камтыган, өлчөмү 10 мм ден ашык тунук үлгүлөр; өңү-түсү - янтарга мүнөздүү ар түрдүү түстүк гамма (ак түстөн, күңүрт-сары, ачык-алтын түстүүдөн кызгылт-күрөңгө чейин).
3. Өзгөчө янтардык түзүлүштөрдү асыл таштарга таандык кылуу үчүн мамлекеттик финансыны башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан курамында баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрүнөн жана көз карандысыз эксперттерден эксперттик комиссия түзүлөт.
Эксперттик комиссия өзгөчө янтардык түзүлүштөрдү асыл таштарга таандык кылууну жана баалоону ушул Тартиптин 2-пунктуна ылайык жүргүзөт.
4. Эксперттик комиссиянын ишинин тартиби мамлекеттик финансыны башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен аныкталат.
5. Эксперттик комиссиянын чечими мамлекеттик финансыны башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилүүчү протокол менен таризделет.
6. Асыл таштарга киргизилген өзгөчө янтардык түзүлүштөр менен жүргүзүлүүчү операциялар Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 58 "Баалуу металлдар жана асыл таштар менен айрым операциялар жөнүндө" токтомуПостановление · 05.02.2025 · № 58
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 303 "Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 27.06.2018 · № 303 · Күчүн жоготкон