1-берене
Күчүндө · 20.03.2015 редакциясы
"Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 1, 16-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 30-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эстеликтерди коргоо чөлкөмдөрүнүн чектеринде жер иштетүү, курулуш жана башка иштердин бардык түрлөрүн, ошондой эле эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын корутундусусуз чарбалык иш жүргүзүүгө тыюу салынат. Археологиялык эстеликтерди коргоо чөлкөмүнүн чектеринде тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоого жана музейлештирүүгө байланышпаган курулуш жана чарба иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.".
2. 33-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Археологиялык иштерди, анын ичинде суу астындагы иштерди өз алдынча жүргүзүү, ошондой эле атайын техникалык каражаттар болуп саналган металл издөөчүлөрдү, металл детекторлорду, радарларды жана магнит приборлорун тарыхый-маданий мурас объекттерин издөө үчүн жеке жана юридикалык жактар тарабынан атайын уруксатсыз (ачык бараксыз) пайдаланууга тыюу салынат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.".
Берененин тексти 20.03.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндөЗакон · 26.07.1999 · № 91
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/12252/st-1" title="1-берене - Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>