# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 303 "Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 303 "Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 303
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12249>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2340/edition/1189276/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12249.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 303 "Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтому (05.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12249

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 58 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2018-жылдын 27-июну № 303 Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-июлундагы № 390, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү максатында, "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 4 жана 11-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө", Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасында баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка турмуш-тиричилик буюмдарын пробалоо жана эн тамгалоо тартиби жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасында пробалык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык;

- Өзгөчө янтардык түзүлүштөрдү асыл таштарга таандык кылуунун тартиби, 3-тиркемеге ылайык.

- Баалуу металлдарды жана асыл таштарды эсепке алуу, сактоо жана ташуу, ошондой эле отчеттуулукту жүргүзүү жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-июлундагы № 390 токтомунун редакциясына ылайык)

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 "Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды калктан сатып алуу пункттарынын ишинин эрежелеринде:

- 1-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- 5-пунктунун бешинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сынам эн белгисинин изине ээ болгон" деген сөздөр алып салынсын;

- 8-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- 10-пунктта:

биринчи абзацындагы ", шрифттерди алуу" деген сөздөр алып салынсын; экинчи абзацындагы "Товаровед-сатып-алуучу" деген сөздөр "Сатып алуучу" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 11-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- 12-пунктта:

биринчи жана экинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "12. Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган баалуулуктарды сатып алууну эсепке алуу журналында төмөнкүлөр көрсөтүлөт: аталышы (сөйкө, шакек, топтом, чынжыр жана башкалар, же алардын сыныктары), салмагы, сынамы, суммасы;"; төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 13-пунктунун биринчи жана үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;

- 14-пункту күчүн жоготту деп таанылсын:

- 1-форма күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 1-августундагы № 551 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик пробирдик көзөмөлү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 23-январындагы № 29 "Баалуу металлдардан жасалган зер жана тиричилик буюмдары үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик пробирдик эн тамгасынын белгисин бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 9-январындагы № 15 "Кыргыз Республикасында баалуу металлдардан жасалган зер (тиричилик) буюмдарды пробалоо жана эн тамгалоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 10-апрелиндеги № 203 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик пробирдик көзөмөлү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 1-августундагы № 551 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 8-апрелиндеги № 200 "Чет өлкөдөн ташылып келген баалуу металлдардан жасалган жана сатууга арналган зергерлик (турмуш-тиричилик) буюмдарга мамлекеттик пробирдик белги менен эн салуу жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 29-июлундагы № 460 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик проба жүргүзүү көзөмөлү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 1-августундагы № 551 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 8-декабрындагы № 761 "Зергер буюмдарды экспорт үчүн өндүрүүнү өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-февралындагы № 52 "Зергер буюмдарды экспорт үчүн өндүрүүнү өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 8-декабрындагы № 761 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-июлундагы № 277 "Зергер буюмдарды экспорт үчүн өндүрүүнү өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 8-декабрындагы № 761 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-ноябрындагы № 264 "Баалуу металлдардан жасалган зергер (турмуш-тиричилик) буюмдарын энтамгалоо Эрежелерин бекитүү тууралуу" токтому.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 27-июлундагы № 63 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев
