# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун алдындагы Молекулалык биология жана медицина боюнча илим-изилдөө институтунун маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун алдындагы Молекулалык биология жана медицина боюнча илим-изилдөө институтунун маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 355
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.10.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12244>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2337/edition/1027160/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12244.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун алдындагы Молекулалык биология жана медицина боюнча илим-изилдөө институтунун маселелери жөнүндө" токтому (29.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12244

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-октябрындагы № 651 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 31-июлу № 355 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун алдындагы Молекулалык биология жана медицина боюнча илим-изилдөө институтунун маселелери жөнүндө

"Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу", "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун алдындагы Молекулалык биология жана медицина боюнча илим-изилдөө институтунун уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 22-августундагы № 580 "Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун (УКТБ) алдында Молекулалык биология жана медицина боюнча илим-изилдөө институтун түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-1, 2 жана 4-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:

- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүшсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

М.Абылгазиев
