# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 354 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 137 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 354 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 137 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 354
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12243>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2336/edition/895389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12243.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 354 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 137 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12243

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 31-июлу № 354 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 137 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 137 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө жободо:

- 2-пунктунда:

төртүнчү абзацындагы: "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын," деген сөздөр менен толукталсын; жетинчи абзацындагы "Согуштун, эмгектин жана куралдуу күчтөрдүн ардагерлеринин республикалык кеңешинин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин жана ооруктагы эмгекчилердин республикалык кеңешинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

М.Абылгазиев
