Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 302 „Айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу билим берүү уюмдарын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 24-июлу № 342 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 302 "Айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу билим берүү уюмдарын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 302 "Айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу билим берүү уюмдарын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбуласындагы "стандарттарынын" жана 2-пунктунун төртүнчү абзацындагы "стандарттарын" деген сөздөр тиешелүү түрдө "ченемдеринин" жана "ченемдерин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пунктта:
сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын; тогузунчу абзацындагы "стандарттарынын шкаласы" деген сөздөр "типтүү ченемдерин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын чыгымдарын түзүү жана аткаруу тартибинде:
- 9-пунктунун экинчи абзацындагы "стандарттарынын шкаласына" деген сөздөр "типтүү ченемге" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "стандарт" деген сөз тиешелүү жөндөмөдө "ченем" деген сөз менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бюджеттик каржылоо стандарттарын аныктоо методикасында:
- аталышында жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "стандарт" деген сөз тиешелүү жөндөмөдө "ченем" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 28-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-июлундагы № 554 "Кыргыз Республикасынын мектептик билим берүүсүнүн Мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген мамлекеттик билим берүү стандарты боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2013-жылдын шарттарында Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бюджеттик каржылоо стандарттарынын шкаласы (коммуналдык чыгымдарсыз) күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
М.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 302 "Айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу билим берүү уюмдарын Кыргыз…Постановление · 30.05.2013 · № 302
- "Порядок формирования и исполнения расходов организаций образования Кыргызской Республики" (Утвержден постановлением Правительства КР от 30 мая 2013 года № 302)Порядок · 30.05.2013 · № 302
- "Методика определения стандартов бюджетного финансирования общеобразовательных организаций Кыргызской Республики" (Утверждена постановлением Правительства КР от 30 мая 2013 года…Методика · 30.05.2013 · № 302
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 302 "Айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу билим берүү уюмдарын Кыргыз…Постановление · 30.05.2013 · № 302
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 23 июля 2004 года № 554 " Об утверждении Государственного образовательного стандарта школьного образования Кыргызской Республики"Постановление · 23.07.2004 · № 554 · Күчүн жоготкон
- «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 115…Заключение · 03.03.2014 · № 115 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон
- Государственный образовательный стандарт школьного образования Кыргызской Республики (утвержден постановлением Правительства Кыргызской Республики от 23 июля 2004 года № 554)Государственный стандарт · 23.07.2004 · № 554 · Күчүн жоготкон