Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 „Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 11 сентября 2025 года № 578 "О Правилах выплаты Социальным фондом Кыргызской Республики при Кабинете Министров Кыргызской Республики средств пенсионных накоплений Государственного накопительного пенсионного фонда"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-09-11.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 578 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 23-июлу № 338 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Пенсиялык топтолгон каражаттарды төлөп берүүнү башкаруу жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогорудагы токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежесинде:
- 26-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"26. Бир жолку төлөмдөр Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун региондук органы тарабынан пенсиялык топтоо каражаттарын алуучунун банктагы эсебине которуу аркылуу ишке ашырылат. Мөөнөттүү (белгилүү бир мезгилдин ичиндеги) пенсиялык төлөмдөр Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун региондук органы тарабынан пенсиялык топтоо каражаттарын алуучунун банктагы эсебине которуу же почта бөлүмү аркылуу ведомость боюнча же пенсия төлөө тапшырмасы боюнча которуу жолу менен жүргүзүлөт. Төлөм тийиштүү чечим кабыл алынган айдан кийинки айдан кечиктирилбей жүргүзүлөт.";
- 30-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"30. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жекече эсепке алуу башкармалыгы пенсиялык топтоо каражаттарын төлөө боюнча ар айлык чыгымдарды салыштыруу үчүн жеке камсыздандыруу эсептеринде чагылдырылган, өткөн айга төлөнгөн пенсиялык топтоонун суммалары жөнүндө маалыматты ай сайын Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна караштуу Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун мекемесине берет.";
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежесине 1-тиркеменин 2-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2.1. Пенсиялык топтолгон каражаттардын бир жолку төлөмүн төмөнкү маалымдарек боюнча банк эсебине которуу жолу менен төлөп берүүнү өтүнөм: ____________________________________________________________________________________ (банктын аталышы, банк эсебинин номери, ____________________________________________________________________________________ өздүк эсебинин номери, банктын маалымдаректери)
2.2. Мөөнөттүү пенсиялык төлөмдөрдү которуу жолу менен төлөп бериңиздер (керектүү вариантты белгилеңиз жана толтуруңуз):".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 578 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду…Постановление · 11.09.2025 · № 578
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Правила · 24.10.2012 · № 745 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 578 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду…Постановление · 11.09.2025 · № 578
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон…Постановление · 24.10.2012 · № 745 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон