# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июлундагы № 333 "Сот аткаруучуларга коомдук жүргүнчүлөр транспортунда жүрүү үчүн компенсация белгилөө тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июлундагы № 333 "Сот аткаруучуларга коомдук жүргүнчүлөр транспортунда жүрүү үчүн компенсация белгилөө тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 333
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.07.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12218>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2316/edition/895411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12218.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.07.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июлундагы № 333 "Сот аткаруучуларга коомдук жүргүнчүлөр транспортунда жүрүү үчүн компенсация белгилөө тууралуу" токтому (20.07.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12218

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 20-июлу № 333 Сот аткаруучуларга коомдук жүргүнчүлөр транспортунда жүрүү үчүн компенсация белгилөө тууралуу

"Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сот аткаруучуларга шаардык, шаар четиндеги жана жергиликтүү каттамдагы (таксиден тышкары) коомдук жүргүнчүлөр транспортунда жүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө мыйзамдары аныктаган минимумдук эмгек акынын 30 пайыз өлчөмүндө компенсация белгиленсин.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган акчалай компенсацияны тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде төлөп берсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

М.Абылгазиев
