# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 332 "Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык системасындагы Кыргыз Республикасынын улуттук сегментинин тапшырыкчысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 332 "Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык системасындагы Кыргыз Республикасынын улуттук сегментинин тапшырыкчысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 332
- Кабыл алынган күнү: 16.07.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12216>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2315/edition/1188044/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12216.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 332 "Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык системасындагы Кыргыз Республикасынын улуттук сегментинин тапшырыкчысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (07.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12216

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 16-июлу № 332 Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык системасындагы Кыргыз Республикасынын улуттук сегментинин тапшырыкчысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17, 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык системасына мүчө мамлекеттердин улуттук сегменттерин түзүүдө, ишин камсыз кылууда жана өнүктүрүүдө колдонулуп келген уюштуруучулук чечимдерди бирдейлештирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык системасындагы Кыргыз Республикасынын улуттук сегментинин тапшырыкчысы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык системасындагы Кыргыз Республикасынын улуттук сегментинин тапшырыкчысы болуп аныкталсын.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык системасындагы Кыргыз Республикасынын улуттук сегментинин оператору болуп аныкталсын.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17, 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

М. Абылгазиев
