Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык системасындагы Кыргыз Республикасынын улуттук сегментинин тапшырыкчысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 16-июлу № 332 Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык системасындагы Кыргыз Республикасынын улуттук сегментинин тапшырыкчысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17, 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык системасына мүчө мамлекеттердин улуттук сегменттерин түзүүдө, ишин камсыз кылууда жана өнүктүрүүдө колдонулуп келген уюштуруучулук чечимдерди бирдейлештирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык системасындагы Кыргыз Республикасынын улуттук сегментинин тапшырыкчысы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык системасындагы Кыргыз Республикасынын улуттук сегментинин тапшырыкчысы болуп аныкталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык системасындагы Кыргыз Республикасынын улуттук сегментинин оператору болуп аныкталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17, 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июну № 17 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 01.06.2021 · № 17
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2019-жылдын 27-ноябрындагы № 678 (Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык системасындагы Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 27.11.2019 · № 678
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 332 токтому менен бекитилген "Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык системасындагы Кыргыз…Положение · 16.07.2018 · № 332
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 "Санариптештирүү, калкты каттоо жана документтештирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын…Постановление · 07.04.2025 · № 181
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.